Эми майыптуулук алуу үчүн бир гана документ керектелет
RU

Эми майыптуулук алуу үчүн бир гана документ керектелет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда майыптыкты күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Буга чейин майыптыкты далилдөө, күбөлөндүрүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар 11 документ топтошса, эми бир гана документ – амбулатордук карта гана керектелет.

Керектүү документтер санариптештирилгенден кийин майыптуулугу бар адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияга бир эле жолу барат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15472