Балбандар Жоламан менен Акжол Бишкекте Азия чемпионатына катышат
RU

Балбандар Жоламан менен Акжол Бишкекте Азия чемпионатына катышат

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте апрель айында өтө турчу Азия биринчилигине балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов катышат.

Алардын бири үчүнчү, экинчиси төртүнчү ирет Азия чемпиону болуу үчүн ат салышат.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку, Азиянын эки чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери, 2020-жылдагы Олимпиаданын катышуучусу.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери, 2020-жылдагы Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15473