Казан шаарындагы мектепте өспүрүм бала ок аткан. Он бир окуучу каза болду
RU

Казан шаарындагы мектепте өспүрүм бала ок аткан. Он бир окуучу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки белгисиз жаран Казан шарындагы Файзи көчөсүндө жайгашкан мектепте ок атышкан. Бул тууралуу ТАСС укук коргоочу органдардагы булактарына шилтеме берип малымдады.

"Алдын ала берлиген маалыматка ылайык, экөө мектептин ичинен ок ата башташкан. жабыркагандар бар, алардын саны жана кырдаал аныкталууда", -деп маалымат булагы билдирген.

"Ок аткандардын бири болжолдуу маалымат боюнча 17 жашта. Ал кармалды", - деди кызматкер.

Окуя болгон жерде укук коргоочу органдар жана экстрендик кызматтар иш алып барууда. Тататрстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ТАССка берген маалыматына ылайык, "мектепке Казан шаарынын тез жардам кызматынын 21 бригадасы жана республикалык медицина борборунун адистери жөнөтүлдү. Ок атышуу болгон жерге Татарстан республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Марат Садыков, республиканын башкы прокурору Илдус Нафиков барган", - деп агенттиктин баарлашуучусу айтып берген.

Саат 13:30га карата тогуз киши каза болгону белгилүү болду. Анын ичинен бир мугалим жана сегизинчи класстын жети окуучусу. 12 бала жарадар болуп, анын ичинен төртөө реанимацияга жеткирилген.

Кол салгандардын бири 19 жаштагы Ильназ Галявиев. Камакка алынып жаткан учурда өз батирине мина койгонун маалымдаган.

Кол салгандардын экинчисинин өздүгү такталып жатат. Ал мектептин ичинде, жанында 6-7 адамды кармап отурат.

13:50дө күч структуралары мектепке чабуул жасаганы белгилүү болду. №175- мектептин жанында жерде жарадар окуучулар жатышат. Аларга медиктер жана ата-энелери жардам көрсөтүүдө.

14:00. Барымтага кишилерди алып, экинчи ок аткан жаран мектепке чабуул жасаган учурда ликвидацияланды.

Саат 14:00го карата 11 адам каза болуп, 32си жарадар болгону белгилүү болду. Бардыгы мектепте 714 окуучу окуп 70 мектеп кызматкери анын ичинен 52 мугалим иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1547