МКК биометрикалык паспортун каттоо үчүн 5000ден ашуун арызды кабыл алды
RU

МКК биометрикалык паспортун каттоо үчүн 5000ден ашуун арызды кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортко (e-Паспорт) - 5145 арыздын бланктары кабыл алынып жана катталды. Жарандын биометрикалык паспортун персонификациялоо процесси анкета толтурулган күндөн тартып 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Биометрикалык паспорттун кадимки баасы 885 сомду түзөт, жарандын жеке маалыматтары өзгөргөн учурларда кымбатыраак.

Учурда е-Паспортту акы төлөнүүчү негизде тез арада өндүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Жаңы паспортторду шашылыш каттоо кызматын ушул жылдын май айынын аягында баштоо пландалууда.

Бирок Кыргызстандын чегинен чыгууга муктаж болгон жана шашылыш чет элдик паспортко муктаж болгон жарандар 2006-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн кайрыла алышат. Жаңы документтин пайда болушу эски паспорттун жараксыз болуп калышына себеп болбойт.

Жалпы жарандык паспортту каттоого жана даярдоого документтерди кабыл алуу Мамлекеттик каттоо кызматынын каалаган аймактык бөлүмдөрүндө жана/же калкты тейлөө борборлорунда арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусу менен жашаган же убактылуу болгон жерине карабастан жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1549