Садыр Жапаровду колдогону үчүн Төрөкан Жунусбековго арызданышты
RU

Садыр Жапаровду колдогону үчүн Төрөкан Жунусбековго арызданышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MegaCom компаниясынын гендиректорунун кеңешчиси Төрөкан Жунусбековду президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп, мыйзамсыз үгүттөп жатат, деп айыпташы. Бул тууралуу социалдык баракчаларга жазылган.

Маселен, Төрөкан Жунусбековдун: "Талас эли Садыр Жапаров менен...шайлоо 2021" деген посту талкууга алынды.

БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева, жана Facebook'тун башка колдонуучулары Жунусбеков MegaCom мамлекеттик компаниясынын гендиректорунун кеңешчиси болуп туруп, "Шайлоо тууралуу" Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүмүн бузуп жаткандыгын белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз.

Жунусбековдун постунун алдындагы комментарийлерде шайлоо мыйзамы бузулуп жаткандыгы боюнча пикирлер жазылууда.

ИИМдин укукоргоочу органдары менен Генералдык прокуратура бул маселе боюнча тиешелүү материалдарды алышкан.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун тарапташы, көп сандаган митингдердин атактуу катышуучусу, "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Төрөкан Жунусбеков, ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэри болуу аракетин көргөн. Ал эми жакында MegaCom компаниясынын генералдык директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

Компаниянын республикалык бюджетке которгон каражаттын суммасы 885,7 млн сомду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/154