Ысык-Көлдө 3 дарыгердин кармалышынын себеби маалым болду
RU

Ысык-Көлдө 3 дарыгердин кармалышынын себеби маалым болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 дарыгер шалаакылыкка шектелип кармалганы маалымдалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына дарыгерлердин кармалышынын чоо-жайын айтып беришти.

2023-жылдын июль айында Ак-Суу РИИБине Теплоключенка айылынын тургуну кайрылып, дарыгерлерге чара көрүүнү суранган. Ал өз арызында 2023-жылдын 25-июлунда 18 жаштагы кызынын ичи катуу ооруп, райондук ооруканага алып баргандыгын айткан. Бирок дарыгерлер бейтапты ооруканага жаткырбастан, дары жазып берүү менен чектелип, кесепетинен 28-июль күнү кызынын ден соолугу начарлап, "Тез жардам" кызматы алып кеткенин белгилеген.

Арыз каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө Ак-Суу РИИБи тарабынан 25-июль күнү Теплоключенка айылынын тургуну 18 жаштагы кызынын ичи катуу ооруп, кускандыктан Ак-Суу районундагы оорукнага алып барганы такталган. Ошол күнү аны текшерген педиатр Т.К. бейтап менен сүйлөшүп, анын конокко барганын, ал жерде ачуу салат жегенин билген. Үйгө келгенде ал ооруп, кусуп, диарея башталган. Педиатр дары жазып берип, бейтапты үйүнө жөнөткөн. Эртеси күнү оорусу басылбагандыктан кайра дарыгерге барган. Аны анестезиолог-реаниматолог дарыгер О.М. караган. Ал да дары жазып, үйүнө жөнөткөн.

28-июль күнү да ичи тынымсыз ооругандыктан Ак-Суу райондук медициналык борборуна кайрадан кайрылып, инфекциялык бөлүмдүн дарыгер ординатору Э.Г текшерип, бейтапты аталган бөлүмгө жаткырышкан. 29-июлда кыздын оорусу күчөп, эс-учун жоготкон. Буга байланыштуу ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда бейтап республикалык ооруканага жеткирилип, 5-сентябрда каза болгон.

Соттук-медициналык экспертиза бейтап тамак-ашка уулануудан улам каза болгон деген корутунду чыгарган. Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн.

Комплекстүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ушул жылдын 7-февралында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан педиатр Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. кармалды. Ак-Суу райондук сотунун чечими менен аларга карата тергөө мезгилинде үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15508