Үч жашар бала канализациялык люкка түшүп кеткен
RU

Үч жашар бала канализациялык люкка түшүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Суусу бар люкка үч жаштагы бала түшуп кеткен. Ал канализацияга түшүп кеткен топту алам деп атып жыгылган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Чүй облусунун ИИБси билдирди.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 2-майында болжол менен саат 20:45те Бишкектеги Чүй облустук оорукандан 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала реанимацияга алынып келинди, деген билдирүү келип түшкөн.

Алдын ала берлиген маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы айылдардын биринде үйүнүн жанынан ойноп жүргөн бала канализациянын ачык калган люгуна түшүп кеткен. Анын ичинде суу бар болчу.

"Кичинекей бала сууга түшүп кеткен тобун алам деп атып, люкка түшүп кеткен окшойт, аны эсин жоготкон абалда ооруканага алып келишкен", - деп милициядан билдиришти.

Баланын ата-энесинин айтымында, люк ачык болчу. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Бул факт "магистралдык түтүктөрдүн курулушу, эксплуатациясы же оңдоо иштери учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча Аламедин районунун ИИБсине катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1553