Бүгүндөн баштап жаңы 20, 50 жана 100 сомдуктар жүгүртүүгө киргизилди
RU

Бүгүндөн баштап жаңы 20, 50 жана 100 сомдуктар жүгүртүүгө киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-февралдан тартып 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жаңы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты - Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу - өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды.

Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

2023-жылдагы үлгү боюнча 20, 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери:

  • Суу белгиси – ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип;
  • Коргоо тилкеси – үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандык номинал жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт;
  • Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш – банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт;
  • Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.
  • Көмүскө сүрөттөлүш – банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун көп түстүү белгиси – С пайда болот;
  • Түстөрдүн өзгөрүшү – (100 сомдук банкнотто гана) банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот;
  • Жалтырак түс (арткы бетинде) – банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15545