Камчыбек Ташиев: Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавына коридор берген эмес
RU

Камчыбек Ташиев: Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавына коридор берген эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1924-1927-жылдардагы карталар кыргыз-тажик чек арасындагы бир нече участокту делимитациялоодо колдонулат, бирок Ворух анклавы үчүн эмес. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Саясат.kg порталына билдирген.

Камчыбек Ташиев, 5-9-май аралыгында, тараптар №43 чекиттен №61 чекитке чейин, №135чекиттен №141 чекитке чейинки чек ара чийиндерин белгилеп чыгууга тийиш экендигин эскертти.

"Так ушул участокторду аныктоо үчүн 1924-1927-жылдардын жана 1989-жылдын карталары колдонулат. Ворух анклавынын ага эч кандай тиешеси жок. Бул бир.

Экинчиден, Ворух анклавына чейинки коридор берилген жок. Тажикстандын жарандары Баткен облусундагы Капчыгай айылындагы чыгыш тарабындагы жол менен колдонушат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул кол коюлган документте так көрсөтүлгөн. Ал жолдун статусу эки өлкөнүн ортосундагы өзүнчө мамлекет аралык макулдашуу менен аныкталат", - деп УКМКнын жетекчиси билдирген.

Үчүнчүдөн, анклав боюнча толук делимитация жана демаркация болгондон кийин гана Кыргызстан жол менен колдонууга уруксат берет. Ворух анклавынын демаркациясы боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрөт.

"Сабырдуу болуп, так эмес маалыматты жарылабай тургула. Бизге бөлөк жердин бир да метри керек эмес, бирок өз жерибизди да бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, баарыбыздын позициябыз ушундай. Бул позицияны акырына чейин карманабыз", - деди Ташиев.

***

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 30-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары, барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
  • КРдин өкмөтү Баткен облусуна өзгөчо статус берүү үчүн документтерди даярдап жатышат.
  • Ташиев Кыргызстан Тажикстандан келтирген материалдык кесепеттин ордун толтурууну талап кылбай тургандыгын билдирди.
  • Көз карандысыз юристтер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу үчүн документтерди чогултуп жатышат
  • 3-майга карата каза болгондордун саны 36 киши.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1554