Бишкекте кир жуучу каражаттарды жасалмалап, соода жайларга өткөрүп келген канал аныкталды
RU

Бишкекте кир жуучу каражаттарды жасалмалап, соода жайларга өткөрүп келген канал аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Бишкектин аймагында "Миф", "Тайд" жана "Ариэль" маркасындагы жасалма кир жуучу порошоктордун ири партиясы табылды. Комитеттен кабарлашкандай, контрабандалык жана контрафакттык продукцияны сатуу каналынын ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, Бишкектеги басмаканалардын биринде узак убакыттан бери кутулар, этикеткалар жана башка жуучу каражаттар жашыруун чыгарылып келген. Мындан тышкары жер астындагы цехке "Фея" тиричилик химиясын чыгаруучу конвейер орнотулуп, анда кымбат баалуу жуучу каражаттардын этикеткаларын арзан аналогдорго чапталып, мыйзамсыз каражаттар соода түйүндөрүндө сатылып келген.

Контрафакттык товарлардын сапаты коопсуздук стандарттарына жооп бербейт. Алар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон арзан жана сертификаты жок материалдарды колдонуу менен чыгарылган.

Алынган каражаттарга тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү Соттук-эксперттик кызматы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна дайындалды.

Уюштуруучулар тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү жоопкерчиликти тартышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15550