Ырчы Каныкей маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды
RU

Ырчы Каныкей маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Каныкей (Алымбекова) жана жаш кино ишмери Максат Жумаев "Маданияттын мыкты кызматкерлери" болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Бүгүн, 15- февралда маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырчы жана обончу Каныкейге жана сценарист, кино оператор Максат Жумаевге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.

Тиешелүү буйрукка министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Ырчы Каныкей:

  • 1987-жылдын 16-октябрында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн.
  • 2011-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми 2011-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин ийгиликтүү аяктаган.
  • Учурда Бишкек шаарындагы №75 лицейде "Музыка" сабагы боюнча окутуучу, ал эми 2023-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет.
  • Чыгармачылык жолу 2008-жылы башталган.
  • Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50дөн ашык ыры бар. "Коё бергин мени кайгы", "Садагам" жана "Куурчак" аттуу альбомдору бар. Каныкей эл аралык фестивалдарга жана мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып келет.

Кино ишмери Максат Жумаев:

  • 1985-жылы Нарын шаарында төрөлгөн.
  • Нарын мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктап, инженер адистигине ээ болгон.
  • Эмгек жолун 2003-жылы Тогуз-Торо районунун аймагына тараган "Шанкай" телеберүүсүндө операторлуктан баштаган.
  • Максат Жумаев кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен, мыкты операторлука жетишкен.
  • Ал "Интерньюс Нетворк" компаниясында такшалып, "Ачык Азия" берүүсүн, "Точка зрения" ток-шоусунун оператор-монтажёру, Кыргызстандын "Азия Микс" КВН командасынын видероликтерин тартып, алардын ийгиликтерине салым кошкон.
  • Бир катар студияларда оператор, режиссёр, монтажёр катары иштеп, "Общяга" аттуу сериалды тарткан.
  • 2016-жылы жеке "Asman Cinema" продюсердик компаниясын уюштуруп, бүгүнкү күндө бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып келет.
  • Жаш режиссер катары "Эне жүрөгү", "Туман", "Бажарики", "Үзүлгөн үмүт" аттуу тасмаларды тартса, 2021-жылы "Баары бир тууган" сериалдын сценарийин жазып, өзү режиссёрлук кылган.
  • 2021-жылы Россия Федерациясынын "За заслуги в культуре и искусстве" медалы, "Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын отличниги" наамына ээ болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15552