Ошто калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкери жарандардан акча алып жүргөнгө шектелди
RU

Ошто калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкери жарандардан акча алып жүргөнгө шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн (Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти) кызмат адамы тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттен билдиришкендей, Кара-Суу райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери С.З.Ш. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча алып жүргөн.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, кызматкерге 337-берененин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15566