"Айкөл 5" миссиясынын алкагында Сириядан 99 кыргызстандык алынып келди
RU

"Айкөл 5" миссиясынын алкагында Сириядан 99 кыргызстандык алынып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги "Айкөл 5" гуманитардык миссиясы уюштурулду. Анын алкагында өлкөгө 99 мекендеш алынып келди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 20-февралда Жакынкы Чыгыштан кыргызстандын 28 аял жана 71 бала өлкөгө алынып келди.

Иш-чараны уюштурууга АКШ колдоо көрсөткөн. Америка тараптын жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу үчүн Кыргызстан өзгөчө ыраазычылыгын билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15583