Кош бойлуу медайымга кол салган жаран суралды
RU

Кош бойлуу медайымга кол салган жаран суралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө кош бойлуу медайымга бейтаптын тууганы кол салган. Окуя 19-февралда болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.

Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат берип, териштирүү иштери башталганын айтышты.

19-февралда болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек ШИИББге Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө бейтапты карап жаткан тууганы медайымды сабап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милицияга медайым арыз жазып, аны эч себепсиз сабап салганын билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

"Тергөө бөлүмүнө 1981-жылы туулган жаран жеткирилип, сурак берген. Ал чакырган убакта барууга макул болуп, бошотулган. Тергөө уланууда", - дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15584