Жаңы Билим берүү министри Болотбек Купешев. Резюме
RU

Жаңы Билим берүү министри Болотбек Купешев. Резюме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-майда президент Садыр Жапаров министрлер кабиннети тууралуу буйрукка кол коюп, өкмөттү Конституцияга ылайык өзгөрттү. Андан тышкары Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн курамын бекитти.

Алмазбек Бешеналиевдин ордун Билим берүү жана илим министри болуп Болотбек Купешев дайындалды.

Министрлик жаны жетекчисинин резюмесин таркатты.

Болотбек Душекеевич Купешев 61 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулуп өскөн.

Эмгек жолу

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна

дайындалганга (2021-жылдын 5-майына) чейин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр

жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;

2009-2010-жж. – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик

администрациясынын башчысы;

2008-2009-жж. – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;

2007-2008-жж. – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;

2005-2007-жж. – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык

резерв мектебинин инструктор-методисти;

2004-2005-жж. – Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын

башчысы;

2002-2004-жж. – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин

директору;

1996-2002-жж. – Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;

1991-1996-жж. – Бишкек шаарынын № 36 орто мектебинин директору;

1989-1991-жж. – Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;

1986-1989-жж. – Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе

шаардык комитетинин бөлүм башчысы;

1980-1986-жж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;

1978-1980-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1976-1978-жж. – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы

совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.

Эмгектик жетишкендиктери

1990 – 1995-жж. – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук кеңешинин депутаты болгон

(эки жолку чакырылышта);

1999 – 2004-жж. – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон;

2000-ж. – Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I съездинин делегаты болуп

шайланган;

1992 – 1993-жж. – "Мыкты директор" наамына татыктуу болгон;

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" наамы ыйгарылган, "Кыргыз

Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Квалификациясын жогорулатуусу

1996-ж. – Венгрия, семинар;

1996-ж. – Эстония, конференция;

1999-ж. – Латвия, конференция;

1991-ж. – РИО, курстар;

2000-ж. – КИО, курстар;

2003-ж. – Түркия, Кипр, курстар;

2009-ж. – Чехия, Япония, конференциялар;

2012-2017-жж. – Польша, Япония, Казакстан, окуулар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1558