Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандар жана катышуучулар кармалды
RU

Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандар жана катышуучулар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

"Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, бирок ага карабастан, бир топ адамдар Telegram мессенджери аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден (кафе, оюн-зоок борборлору жана башка) жайларды ижарага алышкан.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, 48 адам кармалды. Алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган.

Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Эскертүү: Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренесине ылайык ("Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу") 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Оюн жабдуулары, оюндагы коюмдарды жана утуштарды түзгөн баалуулуктар, оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка кирешелер белгиленген тартипте камакка алынат жана мамлекеттик киреше болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15596