Кыргыз-кытай чек арасында таңга маал жер титиреди
RU

Кыргыз-кытай чек арасында таңга маал жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-кытай чек арасында бүгүн, 24-февралда саат 04:58де жер титирөө катталды. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү 6 баллга жакын.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашкан. Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Бедел айылында 4 балл, Ыштык айылында 4 баллга жакын, Кумтөр кенинде 3,5 балл, Каракол шаарында 2,5 балл сезилген.

Белгилей кетсек, бул 23-январда болгон жер титирөөдөн кийин басаңдабаган афтершоктордун бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15606