Орозо айынын болжолдуу датасы айтылды
RU

Орозо айынын болжолдуу датасы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйылкы жылы Орозо март айында башталат. Казакстандын Муфтияты Орозо айынын башталышы 11-мартка туура келерин билдирди. Бирок Орозонун башталышынын так күнү айдын көрүнүүсүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан редакцияга билдиришкендей, жакынкы күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүнүн дин кызматкерлеринин жылдык кеңешмеси өтөт. Анда Орозонун башталышынын так күнү аныкталат дешет.

"Орозо айынын башталышы такталары менен Кыргызстан мусулмандарына кабарлайбыз", - дешти Муфтияттан.

Белгилей кетсек, былтыр Орозо айы 23-мартта башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15609