ЖЭБдеги аварияда жана тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалдары айтылды
RU

ЖЭБдеги аварияда жана тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалдары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан жана аскердик тик учактын кыйрашынан улам жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан бейтаптардын абалы бүгүнкү күнгө карата туруктуу. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.

Ал эми тик учактын кулашынан жабыркаган 2 бейтап пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.

Аталган маселе ТИМдин жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15625