Акыйкатчы институту: Өзбекстанда 46 кыргызстандык камакта жатат
RU

Акыйкатчы институту: Өзбекстанда 46 кыргызстандык камакта жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ташкент шаарында өткөн "Адам укугун камсыз кылуу – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү" аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

Аталган институттан билдиришкендей, Жамиля Жаманбаева конференцияда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу үчүн ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо институттарынын кызматташтыгы маанилүү экенин баса белгиледи.

Иш-чарада Өзбекстандын, Түркиянын, Италиянын, Австриянын, Венгриянын, Польшанын, Сербиянын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Монголиянын, Марокко Падышалыгынын акыйкатчылары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Сунуштардын жана талкуулардын жыйынтыгында конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты. Ал адам укуктарын коргоодо кызматташууну өнүктүрүү жана улуттук укук коргоо институттарынын өлүм жазасына каршы кыймылга кошулуусуна багытталган.

Андан тышкары Жамиля Жаманбаева тажикстандык кесиптеши менен эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу үчүн эки тараптын улуттук укук коргоо институттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.

Ошондой эле акыйкатчы Ташкентке болгон сапарынын соңунда Өзбекстандагы Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев менен жолугуп сүйлөштү. Анда Өзбекстандагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу чаралары боюнча талкуу болду.

Маалым болгондой, Кыргызстандын 46 жараны Өзбекстандын абактарында кармалып турат. Аталган өлкөнүн аймагында эмгек келишиминин негизинде Кыргызстандын 37 жараны иштейт. Расмий маалыматка ылайык, коңшу мамлекетте 300 миң этникалык кыргыз жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15634