MEGA24 тиркемесинде "Өлбөс полк" онлайн-жүрүшү
RU

MEGA24 тиркемесинде "Өлбөс полк" онлайн-жүрүшү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленет. Биз кыргызстандыктарды "Өлбөс полк" онлайн-жүрүшүнө чакырабыз, сиздерге MEGA24 тиркемеси жардамга келет. MegaCom абоненттери тарыхта түбөлүккө калган баатырлар, алардын үй-бүлөсү жана эрдиктери жөнүндө айтып бере алышат. Жүрүш Жеңиш күнүндө өтүп, "5-Канал", "НТС", жана "ЭлТР" телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Виртуалдык жүрүшкө катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

· Google Play же App Store"дон MEGA24 тиркемесин жүктөө;

  • "МегаПортал" бөлүмүнө кирүү;
  • "Өлбөс полк" баннерин басуу;
  • нускама менен таанышуу.

Форманы толтуруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун сүрөтүн тиркеңиз;
  • анын аты-жөнүн жана туулган жылын жазыңыз.

Биз каарман аталарыбыздын эрдиктерин эч качан унутпайбыз. Сиздерге терең таазим!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1563