"Методикасын сурайм" Саламаттыкты сактоо министри Хашим Зайналиев менен жолугат
RU

"Методикасын сурайм" Саламаттыкты сактоо министри Хашим Зайналиев менен жолугат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев табып-"онколог" Хашим Зайналиев менен жолугат. Бул тууралуу министр Vesti.kg'деги түз эфири учурунда айткан.

Министрдин айтымында, ал табып менен жолугуп, уу коргошунду кандай өлчөмдө колдоно турганын сурайт. Анткени, Бейшеналиев белгилегендей, президент Садыр Жапаров экөө колдонгон уу коргошундун дозасы коопсуз, жана бейтаптардын ден соолугуна "пайда" гана алып келет.

Жолугушуудан кийин табыпты министрликтин штатына аласызбы, деген суроого ал жака жогору медициналык билими бар адамдар гана кабыл алына тургандыгын айтты.

"Мен аны менен жолугушуп, сүйлөшөйүн деп жатам. Балким, анын ыкмасы биздикинен жакшыраак? Жакынкы күндөрдө Зайналиев менен таанышам. Ал мага да, президентке да кат жазды", - деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Хашим Зайналиев пресс-конференция өткөрүп, коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоо үчүн кызыл зонага кирүүсүнө уруксат берүүнү Садыр Жапаровдон суранган.

Хашим Зайналиев салттуу эмес дарылоо ыкмалары менен таанымал. Ал онкологилык ооруларды дарылоодо эффективдүүлүгү төмөн дары чөптөрдү жана курамы белгисиз уколдорду колдонот. 2016-жылы эмчегинин рагынан жабыркаган бейтапты дарылайм деп, наркозу жок эмчегин ампутация кылган. Бейтап каза болгон. Бирок анын туугандары табыпка каршы айыптоолорунан баш тартышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1565