Америкада кыргызстандык 2 жигит автокырсыктан каза тапты
RU

Америкада кыргызстандык 2 жигит автокырсыктан каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Филадельфия шаарында жол кырсыгы катталып, кыргызстандык эки жигит каза болду. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү маселеси каралууда.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгон. Алар 2002-жылы туулган Б.А. жана 2003-жылы туулган Е.Т. экени такталып, туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлдү.

Учурда элчилик тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15664