Бишкекте жана Ысык-Көлдө 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
RU

Бишкекте жана Ысык-Көлдө 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-мартта болжол менен саат 12:22 чамасында өлкө аймагында жер титиреди. Социалдык тармактын колдонуучулары жер титирөө катталганга чейин андроид системасындагы телефондорго эскертүү келгенин айтышууда.

Анда жер титирөөнүн күчү очогунда 5,4 баллга жетип, Бишкек шаарында, Ысык-Көл облусунда катталганын айтышат.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жакын болуп, Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдын аймагында сезилди.

Жер титирөөнүн күчү Чолпон-Ата шаарында 4 балл, Бишкек жана Каракол шаарларында 3,5 балл, ал эми Алматы шаарында 4,5 баллды түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15665