Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү
RU

Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, бүгүн 9-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам, коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРдин Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147си аялдар, 23931и балдар.

Ал эми Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 жаран эвакуацияланган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1566