Белгисиз Жоро. Психоневрологиялык мекемедеги документи жок бейтаптардын бири паспорт алды
RU

Белгисиз Жоро. Психоневрологиялык мекемедеги документи жок бейтаптардын бири паспорт алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги 19 бейтаптын өздүгүн тактаган документтери жок экени аныкталган. Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат.

Маалымдалгандай, аталган институттун Баткен облусунун өкүлчүлүгү мандатына ылайык Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 15 эркектин, 4 аялдын паспорту жок экени белгилүү болду.

Өздүгү такталбаган жарандардын аталган мекемеде жүргөнүнө көп жыл болсо да алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени жана аты-жөнү белгисиз.

Мисалга бул мекемеде 2011-жылдан бери эркек киши жашайт. Анын өздүк ишинде Белгисиз Жоро деп жазылган. Бул атты мекеменин кызматкерлери берген. Ал тууралуу мындан башка бир да маалымат жок. Ошондой эле жакындарынын бар, жогу белгисиз. 2011-жылдан бери анын өздүгү аныктала элек. Андан тышкары мекемеде 1983-жылдан бери жашаган кишинин өздүгү ушул кезге чейин аныкталбай келет.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөттү.

Расмий маалымат боюнча, бул стационарда 19 бейтаптын паспорту жок болсо, 11 адамдын туулгандыгы тууралуу актылары да жок болуп чыккан. Буга байланыштуу алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес. Бүгүнкү күндө 1 бейтапка паспорт берилип, 7 бейтаптын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Акыйкатчы институтунан белгилешкендей, психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелерде жашагандар оор тагдырга кабылган кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алар ар дайым башкалардын камкордугуна жана жардамына муктаж болгондуктан, документтерди калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15675