Нарында пара талап кылууга шектелген прокурор менен тергөөчү кармалды
RU

Нарында пара талап кылууга шектелген прокурор менен тергөөчү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында опузалап пара талап кылган деген шек менен облустук прокуратуранын кызматкери жана облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, кызматкерлер кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн пара алмакчы болгон.

Бул факты боюнча арыз түшүп, анын негизинде "ири өлчөмдө пара талап" кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 5-мартта 100 миң сом пара алып жатканда Нарын ОИИБдин тергөөчүсү колго түшүрүлгөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун прокуратурасынын прокурору М.С. жана Нарын ОИИБдин тергөөчүсү Э.Н. кылмыштуу бүтүмгө кирип, кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн арыз ээсинен пара талап кылышканы аныкталган.

Жогорудагы эки кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга мыйзам чегинде айып тагылат дешти комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15682