Угуусу начар жарандарга айдоочулук күбөлүк алууда шарттар жеңилдетилет
RU

Угуусу начар жарандарга айдоочулук күбөлүк алууда шарттар жеңилдетилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө угуусунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын айдоочулук күбөлүк алуусу үчүн сынак тапшырууда жаңы шарттарды иштеп чыгуу боюнча жыйын өттү. Ага "Унаа" мамлекеттик мекемеси, Инфоком ишканасы жана Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин өкүлдөрү катышты.

Демилгечи Толкунбек Исаковдун айтымында, угуусу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тесттен өтүү процессинде суроолорду окуганда түшүнбөй калышат, аларга кол жаңсоо тили менен түшүндүрүү керектигин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында угуусунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар сурдокотормочу менен сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгү жакынкы күндөрү чечилүү алдында турат.

Саламаттыкты сактоо министирлиги жарандарын ден соолугун текшерип, транспорт каражаттарын айдоого уруксат бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн тест тапшырууга мүмкүн. Мындан улам "Унаа" мамлекеттик мекемеси жана автомектептер милдеттүү түрдө 083-формадагы медициналык маалым кат талап кылышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15688