Министрлик өлкөдө электр энергиясын өчүрүү токтогонун маалымдады
RU

Министрлик өлкөдө электр энергиясын өчүрүү токтогонун маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап электр энергиясын жөнгө салуу иш-чараларын токтотту. Себеби аба ырайынын жылышы менен электр энергиясын керектөө кыйла төмөндөдү дешет министрликтен.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 8-мартта өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түздү. Ага чейин электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 млн кВт. саатка чейин жеткен.

Белгилесек, өлкөдө электр энергиясы эң көп керектелген - эртең мененки жана кечки убакта колдонууга чектөөлөр киргизилип жаткан. Мындай чара Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегатты, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерине байланыштуу көрүлүп жатканын Энергетика министрлигинен билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15696