Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу ээлеп алган "Кристалл" заводу мамлекетке кайтарылды
RU

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу ээлеп алган "Кристалл" заводу мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз ээленген "Кристалл" ААКтын мүлкү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында маркум Көлбаевдин аффилирленген жактары тарабынан "Кристалл" ишканасынын аймагында майнинг-ферма түзүү үчүн "Компьютер Павер центр" ЖЧКсы негизделгенин аныктаган. Компания 2019-жылдын май айынан тарта 2020-жылдын октябрына чейин уруксат документтери жок иштеген.

Аткаруучу директору Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. болгон. Ал эми каражаттарды иш жүзүндө Т.А.К. (маркум кримавторитет К.Асанбектин өкүл баласынын жакын адамы) башкарган.

Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты Көлбаевдин кылмыштуу структураларын каржылоо багытталган.

Комитеттен кошумчалашкандай, мындай ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн "Аю-Холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына "НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы кирип, ал "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн.

Ошол эле учурда "Кристалл" ААКтын мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен "Компьютер павер центр" ишканасынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр райондук сотунун 2024-жылдын 10-январындагы чечими менен "Кристалл" ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

"Кристалл" ААКсы жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу завод болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап электротехника тармагындагы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу (интегралдык микросхемалар, дискреттик приборлор, күн батареялары ж.б.) чыгарылып, бул ишканага чет өлкөлүк инвесторлор активдүү кызыгуусун көрсөтүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15707