Көңүл бургула! Бүгүн поликлиникалар жана ооруканалар иштебейт
RU

Көңүл бургула! Бүгүн поликлиникалар жана ооруканалар иштебейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-майда, Үй бүлөлүк медицина борборлорунда жана стационарларда дем алыш күн. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жуманын алты күнү иш күн болуп саналгандыктан 10-май дем алыш күн катары сакталды.

Эске салсак, буга чейин башка мекемелер үчүн да 10-май дем алыш күн болмок. Бирок ал 30-августка жылдырылган. Башка өзгөртүүлөр планга кире элек.

Ошону менен май айында Орозо айт күнү - дем алыш болот. Бул 12- же 13-май. Так күнүн муфтият алдын ала билдирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1570