Болжолдонгон бороонго байланыштуу свет кайрадан өчүрүлүшү мүмкүн
RU

Болжолдонгон бороонго байланыштуу свет кайрадан өчүрүлүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Энергетиктер күтүлгөн катуу шамал тууралуу эскертүүгө байланыштуу электр тармактарынын иштөөсүнө көзөмөлдү күчөтүүдө.

"Жарыяланган бороон эскертүүсүнө жана республика боюнча болжолдонгон жагымсыз аба ырайына байланыштуу энергетиктер энергообъектилердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө, штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы даярдалып, ыкчам жоюу схемасы иштелип чыккан. Оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника жогорку даярдыктагы абалга келтирилген. Ыкчам кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөттүк графиги бекитилди",-деп айтылат кайрылууда .

Ошондой эле, керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече энергияны көп талап кылган электр приборлорун күйгүзбөөгө чакырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15710