Улуттук статистика комитети маянасы кескин жогорулаган тармактарды атады
RU

Улуттук статистика комитети маянасы кескин жогорулаган тармактарды атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Компаниянын же уюмдун бир кызматкеринин орточо эмгек акысы 2024-жылдын январында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 33664 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда орточо эмгек акы 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 12,7%га өскөн.

Эң олуттуу өсүш дүң жана чекене соода тармагында, унааларды жана мотоциклдерди оңдоо - 58,3%, тейлөөнүн башка ишмердүүлүгү - 44%, кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү операциялар - 35,4% байкалган.

Курулушта эмгек акы 28,5%, тоо-кен тармагында 27,4%, суу менен камсыздоо, таштандыларды тазалоо жана кайра иштетүү тармагында 24,7% өскөн.

Шокенов кошумчалагандай, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө эмгек акы 23,5%, кайра иштетүү өнөр жайында 17,3%, транспорт жана жүктөрдү сактоо 17% жогорулаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15711