Фейк аккаунт аркылуу экстремисттик материалдарды таратканга шектүү кармалды
RU

Фейк аккаунт аркылуу экстремисттик материалдарды таратканга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда фейк аккаунт менен диний экстремисттик материалдарды таратып жүргөнгө шектүү кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү (ЭММКАК) кызматы тарабынан социалдык тармакта диний экстремисттик материалдарды сактап, таратып жаткан фейк аккаунт аныкталган.

Бул факты 332-берене (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган. Фейк аккаунт аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип Жалал-Абад шаарынын 30 жаштагы тургуну С.М. кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15714