Президенттин тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды
RU

Президенттин тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин мамлекет башчы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору кызуу талкууланган маселелелердин бири болгон.

"Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды", - дейт Алагөзов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15718