Үйүндө медресе ачып, балдарга жашыруун сабак берген жаранга айып салынды
RU

Үйүндө медресе ачып, балдарга жашыруун сабак берген жаранга айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддагы жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө УКМК тарабынан бөгөт коюлду. Коопсуздук комиттетин маалыматында медреседе сабак берген жаранга айып пул салынганы айтылат.

Такталгандай, 11-мартта жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресе аныкталган. Анда 1998-жылы туулган, диний билими жок кыргыз жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштурганы такталган. Медреседе 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала) күн сайын саат 09:00-12:00гө чейин сабактар өткөрүлгөн. Бөлмөлөр санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Муфтият тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепке барбай жүргөнү белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Х.А.га карата "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 8, 10-беренелерин жана "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 142-берененин 1-бөлүгүн бузугандыгы үчүн актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды.

Жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15731