Жалал-Абадда 3 баласы менен дайынсыз болуп жаткан келин Бишкектен табылды
RU

Жалал-Абадда 3 баласы менен дайынсыз болуп жаткан келин Бишкектен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 3 балалуу келин аман-эсен табылды. Облустук милициядан кабарлашкандай, келин балдары менен Бишкекте жүргөн.

Белгилесек, Акман айыл аймагынын 36 жаштагы Наргиза аттуу тургуну 2024-жылдын 28-февраль күнү 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарга билдирүү тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпай чыгып кеткендигин билдирген.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери келиндин Бишкек шаарында жашаган жерине барып кабар алышты. Милиция кайдыгер карабай көмөктөшкөн ЖМК өкүлдөрүнө жана жарандарга ыраазычылык билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15733