Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннель аныкталды. Видео
RU

Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннель аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук кызматы тарабынан 19-мартта миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн пайдаланылган тоннель табылды.

Аталган тоннель Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы, Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган.

Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзөт.

Аткезчилик каналды уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды жана жеке жактарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 (whatss app/telegram) байланыш номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15757