Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына экс-төрага макамын берүү сунушталууда
RU

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына экс-төрага макамын берүү сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлеринин ыйгарым укуктарын жогорулатуу сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга депутаттар Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков алып чыгышты.

Демилгечилер ыйгарым укуктарын токтоткон спикерлер Кыргызстандын саясий жана коомдук турмушундагы маанилүү фигура катары кала берэрин белгилешүүдө. Алар ар кандай, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана өнүгүүсүн сактоодо чоң роль ойноп келишет.

Бирок учурда парламенттин экс-төрагасынын статусун жана ага мамлекет тарабынан тиешелүү кепилдиктерди берүүнү так мыйзамдык жөнгө салуу жок.

Мыйзам спикерлик институтун бекемдеп, бул кызматтын беделин көтөрүүгө жардам берет.

Депутаттар парламенттин экс-спикерине жана анын жубайына дипломатиялык паспорт алуу укугун, бекер медициналык кызмат көрсөтүү укугун, ошондой эле аэропорттордун, автобекеттердин расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарын акысыз пайдаланууну сунуштап жатышат.

Башкы беттеги сүрөт: Табылды Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15758