Сириядан кайтарылган келин Оштогу тергөө абагына киргизилген. Ал акыйкатчыга кайрылды
RU

Сириядан кайтарылган келин Оштогу тергөө абагына киргизилген. Ал акыйкатчыга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев жана акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ош шаарындагы №5 тергөө абагынын, ошондой эле улгайган адамдар үчүн жатак интернатта жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү.

Мониторинг учурунда камактагылардын арасынын бешөө укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшкөн. Алардын бири сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы болсо, дагы бирөө жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранган.

Андан тышкары 40 жаштагы аял укуктарын коргоону суранды. Ал 2023-жылдын октябрында өкмөттүн программасынын негизинде Сириядан 3 баласы менен кайтарылган. Айтымында, ал реабилитациялык процедуралардан өткөн. Ошого карабастан укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылы мартында кармалган. 7-мартта Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, келин Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси "Жалданмачылык" (1997-жылдагы редакция) боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалган.

Аялдын кайрылуусун акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды.

Акыйкатчы институту берген маалыматта тергөө абагында учурда 291 адам кармалып турат. Алардын ичинен 12си аял. Ошондой эле 2 адам өмүр бою эркинен ажыратылган. Тергөө абагы 511 адамга эсептелген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15759