Ири өлчөмдө пара алганга шектелген судья 2 айга камалды
RU

Ири өлчөмдө пара алганга шектелген судья 2 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды. УКМКнын маалыматында айтылгандай, судья менен адвокат 12 миң доллар талап кылганга шектелүүдө.

20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. 12 миң доллар опузалап пара талап кылгандыгы аныкталган.

Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүү максатында, видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, тагыраагы, дааратканада жолугушууларды өткөрүп, ал жерде соттук актыларды оң жакка чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларды өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

21-мартта судья К.А. К. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК Жогорку сотиун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15765