Балдарды порнобизнеске тартууга көмөктөшкөнгө шектүү кармалды
RU

Балдарды порнобизнеске тартууга көмөктөшкөнгө шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери, Интерполдун Улуттук борбордук бюросу жана Нидерландиянын улуттук полициясынын көмөгү менен балдарды порнобизнеске тартуу фактысын аныктады.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришендей, балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө коомдук веб-сайтта жана даркнетте да аныкталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында порнографиялык мазмунду камтыган сайттар түзүлүп, таратылып жатканы аныкталган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында мындай сайттарды түзүүгө жана жайылтууга жооптуу адамдар тууралуу маалымат алынган.

Аталган факты боюнча 162-берене (Баланы порнобизнеске тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле бул сайттарга кирүү крипто-транзакциялар аркылуу ишке ашырылып жаткандыгы, накталай акча алуу Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Текшерүү иштеринин алкагында 1989-жылы туулган Н.М.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын жашаган жеринен техникалык жабдуулар, персоналдык компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылган. Стационардык компьютерлердин биринде жайгашкан программалык камсыздоону жана файлдарды алгачкы текшерүү учурунда балдардын порнографиялык материалдарын камтыган файлдар табылган.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15769