"Крокус Сити Холлдогу" теракт: 2 кыргызстандык жабыркады деген маалымат такталган жок
RU

"Крокус Сити Холлдогу" теракт: 2 кыргызстандык жабыркады деген маалымат такталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москва шаарындагы элчилик менен биргеликте "Крокус Сити Холлдо" болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок.

Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын элчилиги кырдаалды байкоону улантууда.

Белгилесек, 22-мартта "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде үч адам ок чыгарып, 60тан ашык адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирген. Анда Кыргызстандын 2 жараны жаркат алган болушу мүмкүндүгү айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15774