Кыргызстан - Тайбэй беттешинде күйөрмандарга ифтар үчүн бекер суу, курма берилет
RU

Кыргызстан - Тайбэй беттешинде күйөрмандарга ифтар үчүн бекер суу, курма берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курама командаларынын футболдук беттеши башталар алдында улуттук курама команданын күйөрмандарына ифтарга (ооз ачар) бекер суу жана курма таратылат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, беттеш саат 20:00дө башталып, бул күнү ооз ачуу саат 19:26га туура келет. Кутучага суу, курма жана сэндвич кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15778