Алтын жалатылган жезди алтын катары сатканга шектелген жаран Россиядан кармалды
RU

Алтын жалатылган жезди алтын катары сатканга шектелген жаран Россиядан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда алтын жалатылган жезди алтын деп сатып, из жашырып кеткен аял Россиянын Оренбург шаарынан кармалды. Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, шектүү Кыргызстанга өткөрүлдү.

Маалым болгондой, былтыр октябрь айында Балыкчы ШИИБге 34 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал "Кербен" шаардык базарында азиат улутундагы аял бир нече алтын зер буюмдарды сунуштаганын жана бардык алтын зер буюмдарын 130 миң сомго баалагынын айткан. Сатуучу аялга 62 миң сом төлөп, калган акчаны алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Базарга кайтып келгенде сатуучу белгисиз тарапка кетип калган. Алган алтын зер буюмдарын текшергенде алар алтын жалатылган жез болуп чыккан.

Аталган факты боюнча 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Балыкчы ШИИБи тарабынан жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Өзбекстандын 45 жаштагы жараны К.С. экени жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болгон. Буга байланыштуу шектүүгө карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Учурда Балыкчык шаардык соту тарабынан кармалган жаранга карата камакка алуу чечими кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15794