"Ушул жерден эле толтура бер". Автоинспектор айдоочуну көчөдөн заара ушатууга мажбурлады
RU

"Ушул жерден эле толтура бер". Автоинспектор айдоочуну көчөдөн заара ушатууга мажбурлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда адам укугун бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу "Адам укугун коргоо" уюму Kaktus.media редакциясына билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 17-апрель күнү Ананьево айылында С.Ж. аттуу айдоочуну Ысык-Көл райондук Жол кайгуул кызматынын инспектору Ж.Т. себепсиз токтоткон. Бул аракетине ал айдоочу коопсуздук кемерин тагыбагандыгы менен жол эрежесин бузган деп түшүндүрмө берген. Анткен менен, окуяга күбө болгон жүргүнчү А. М.нын айтымында коопсуздук курун тагынып бара жатышкан.

Айдоочуга карата айтылган айыптоосу суу кечпеген инспектор ар кандай айла амалды колдонгонго өткөн. С.Ж. спирт ичимдигин ичкен ичпегендигин, чылым жана кара куурай чегип чекпегендигин кекээрлөө менен суракка тарткан.

Инспектор муну менен чектелип калбай айдоочуну алкотесттен жана баңги затын колдонуу боюнча текшерүүдөн өтөсүң деп мажбурлап, Ананьево айылында жайгашкан тез жардам кызматына алып барган. Ал эми тез жардамдын кабыл алуучу бөлүмүндө атайын заара алуучу шишелер жок экенин билдиришкен. Муну уккан инспектор кайдан-жайдан тапканы белгисиз желим бөтөлкө алып келип, айдоочунун бөтөлкөгө заара ушатуусун талап кылган.

С.Жнын дааратканадан толтуруп келейин деген өтүнүчүн четке кагып, инспектор "Ушул жерден эле толтура бер. Мен өзүм денем менен далдалап тосуп турам" - деп жооп берген. Андан соң инспектор Н. менен С.Ж. тез жардам мекемесине кирип экспресс тест жүргүзүшкөн. Кайгуул кызматкери тесттин жыйынтыгын айдоочуга көргөзбөстөн өз алдынча тыянак чыгарып, медициналык кароодон өткөрүү боюнча маалым кат толтуруп айдоочуну ичимдик ичкен, деп айыптап, милициянын капитаны Ж. Тнын атынан медициналык кароо боюнча № 34 протокол түзүп кылмыш катары каттап салган. Андан кийин, айдоочу С.Жга жаза аткаруу боюнча буйрук берилген.

Азыркы тапта бул иш сотко өтүп, жактоочу Назира Байдалиева С.Жнын кызыкчылыгын коргоп жатат. Соттун биринчи кароосунда адам укугу жана мыйзам бузуу иштери орун алганын далилдеп берди.

Ал эми эртең, 11-майда саат 13:00дө Ыссык-Көл райондук сотунда кезектеги соттук отурум орун алмакчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1581