"Манас" аэропортуна президент үчүн жаңы учак алынды (сүрөт, видео)
RU

"Манас" аэропортуна президент үчүн жаңы учак алынды (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта "Манас" аэропортуна президент үчүн жаңы учак келди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына маалымат булактары билдирди.

Бул Airbus A320-2002 учагы. Учактын куйругу буга чейин улуттук стилде жасалгаланган. Анда ак шумкардын элеси тартылган.

Учак 2002-жылы чыгарылган жана аны президент буга чейин да колдонуп келген. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров жазып, аны президенттин үй-бүлөсү Миланга алып кеткенин билдирген. Президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты четке каккан.

Мурда президенттин борту ушундай дизайн менен болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15825