Казакстандагы суу ташкыны. Кыргызстан жөнөткөн гумжардам таратылды
RU

Казакстандагы суу ташкыны. Кыргызстан жөнөткөн гумжардам таратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине 6-апрелде гуманитардык жардам жөнөткөн. Жардам кербени 9-апрелде төрт облуска таратылганын ӨКМдан билдиришти.

Маалымдалгандай, 8-апрелде Казакстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү гуманитардык жардамды тосуп алып, кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык катын тапшырды. Ошондой эле бир тууган кыргыз эли жардамга алгачкылардан кол сунганын билдирип, эки элдин бир туугандыгы, ынтымагы мындан ары да бекемдерин билдирди.

Суу каптоодон жабыркаган элге багытталган жардам Казакстандын аймагында Жамбул – Түркестан – Кызылорда – Актөбө облустарында аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай, күн-түн жол жүргөн кербен 4 облуска бөлүндү.

  • Костанай облусуна 3;
  • Актөбө облусуна 4;
  • Уральск облусуна 4;
  • Атырау облусуна 4.

Жалпысынан кербен курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу жана 17 айдоочу 15 фура менен 300 тонна жүк жеткирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15826