9-майга Ала-Тоо аянтын фашисттин сүрөтү менен кооздолгонбу? Баннерди мэрия алмаштырат
RU

9-майга Ала-Тоо аянтын фашисттин сүрөтү менен кооздолгонбу? Баннерди мэрия алмаштырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Тоо аянтындагы 9-майдын урматына илинген сүрөттө немис армиясынын жоокеринин сүрөтү болгон. Аянтты майрамга даярдаган Бишкек мериясы бул баннерди алмаштыруу ниетинде.

Белгилей кетсек, сүрөттүн арткы планында жылмайып турган немис аскери, ал эми алдыраакта турган туткун кызыл армиянын жоокери.

Интернет желеде көпчүлүк колдонуучулар туткунга түшкөн Совет аскерин чагылдырыш үчүн, дал ушул сүрөттү колдонушат. Бирок бул жоокердин аты аликүнчө белгисиз.

Мериядан Kaktus.media редакциясына кабарлагандай, азыркы учурда мындай оркойгон катаны ким кетирди такталууда. Жакынкы аралыкта баннер алмашылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1582