Ош базарынын соодагерлери жерге ээлик кылбаган компания ижара акы алып жатканын айтышууда
RU

Ош базарынын соодагерлери жерге ээлик кылбаган компания ижара акы алып жатканын айтышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айына 30 миң сом, жылына орун үчүн алдын ала "бронго" 2 миң доллар ижара акысын алып, ишкана 20га жакын адамдан жылына 8 млн. сомдой алат". Мындай арыз менен биздин Kaktus.kg редакциясына Ош базарынын соодагерлери кайрылып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып "Z" ЖЧКсынын жетекчиси Айгүл Заировага карата чара көрүүнү өтүнүштү.

Окуянын чоо-жайы

Микарамхан Мырзакматова, биздин редакцияга кайрылган соодагерлердин бири. Анын айтымында, сатуучу 20 жылдан ашык убакыттан бери "жасалма "Z" ЖЧКсына акча берип иштеп келген. Бул убакыттын ичинде ал компания бир орун ээлөө үчүн жылына 2000 доллар, ал эми ай сайын ижара акысы 20 миң сом аларын айтты.

"Буга чейин бизден Заиров Чолпон ("Z" ЖЧКсынын мурдагы жетекчиси) акча алган. 2020-жылы ал каза болгондон кийин бул компания автоматтык түрдө анын кызына таандык болуп калды. Эми ал кыз - Айгүл Заирова атасынан да көп акча талап кыла баштады. Каалаган учурда ижара акысына 5 миң кошуп алат, керек болсо биз иштеген жерди бошотуп бер деп коркутат.

Ал бизге соода кылчу жерди брондоо жана ижара акысы үчүн төлөгөн акчанын квитанциясын же документин бербейт. Ал бир жолу менин акча бергенимди унутуп калып, 7 айдан кийин бронго акчаны кайра талап кыла баштады. Мен бербейм деп жооп бердим, анткени бронь үчүн акча берип, квитанцияны талап кылгам. Чек талап кылаарым менен ал дароо менин контейнеримди жаап, анын эшигин ширетүүчү аппарат менен ширеттирип салды. Ал мага иштөөгө мүмкүнчүлүк бербегени үчүн мен аны сотко бердим. Ал эми сотто бул жер ага тиешелүү эмес экени белгилүү болду. Бул көрсө жалпы колдонуудагы жер экен.

Бирок эмнеси болсо да келип, жарыгыбызды өчүрүшөт", - деди ал.

Микарамхан Мырзакматова бул маселе боюнча акыйкаттыкка жетүүнү каалап, Ленин районунун прокуратурасына бир нече жолу кайрылган.

"Ленин райондук прокуратурасы, Ленин райондук милициясы бир да жолу келип, бул жерде эмне болуп жатат, ишибиз эмне болду деп сурашпайт, бизден эч нерсе сурабай эле ишти жаап салышты. Биз президенттин да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысын, мамлекеттик саясатты да колдойбуз.

Биз сиздин коррупцияга каршы саясатыңызды колдойбуз жана чек талап кылып жатабыз. Себеби, биз мыйзамдуу иштөөнү каалайбыз. Бирок Ош базарында дагы деле коррупция бар. Айгүл Заирова келип, колуңардан эч нерсе келбейт деп сөгүп жатат", - деди сатуучу айым.

Кийинки сатуучунун аты Уулкан Матраимова. Ал дагы көп жылдан бери ушул базарда иштейт. Ал белгилегендей, ал Айгүл Заированын атасынан 7 миң долларга жердин өзүн сатып алган.

"Ал жерди сатып алгандан кийин дагы ай сайын менден 30 миң сомдон ижара акысын алып турат. Брон үчүн жылына 30 миң сом төлөйм. Ал бир жолу бронго акча бергенимди унутуп калып, 7 айдан кийин кайра сураганда төлөбөйм дедим. Себеби, акчаны төлөдүм деп жазылган жок дегенде квитанция же келишим бербейт. Чек бер десең эле ал дароо коркутат: "Эгер сизге жакпаса, орунду бошотуңуз". Мен бир жылдан бери электр жарыгысыз иштеп жатам, анткени мен каршы болдум", - деп кошумчалады ал.

"Президент менен УКМКнын жетекчиси рай бөлүмгө биздин көйгөйдү чечүүнү тапшырышган, бирок алар тапшырманы аткарбай жатышат"

Буга байланыштуу сатуучулар УКМКнын жетекчисине эле эмес, президент Садыр Жапаровго да кайрылышкан. Бардык жерден жооптор келип, аталган ишти карап, чечүү Ленин районунун прокуратурасына тапшырылган. Бирок райондук прокуратуранын тергөөчүлөрү негизсиз себептерди жазып, ишти жаап салышкан, дейт дагы бир соодагер Майя Мырзакматова.

"Ар бирибизге ишти кароого тапшырма берилди деген кат келди. Бул каттардын баары бизде бар. Бирок ага карабастан Ленин районунун прокуратурасы кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай жалган жана негизсиз себептер менен биздин арыздарды жаап салган. Мисалы, тергөөчү Эмил Абдуллаев "Айгүл Заирова менен соодагерлердин ортосунда келишим бар" деп ишти жаап салган. Ал эми Эрнист Саитов болсо биз аларга кол көтөрдүк деп жазып, ишти жаап койгон. Кыскасы ар кандай жүйөөлөрдү жазышкан.

Бизде далилдер бар. Мага Айгүл Заированын жактоочусу телефон чалып, аты-жөнү Александр Мощин, кабинетине чакырып: "Мен президент Садыр Жапаровдун мурдагы адвокатымын, менден коркушуңар керек, ижара акысын бергиле деп айткан, элестеткиле", - деп кошумчалды ишкер.

Соодагерлердин айтымында, Ош базарындагы бул (чекиттер) контейнерлер жалпы аймакта жайгашкан. Алар Бишкек шаардык соту жер Айгүл Заировага таандык эмес деген чечим чыгарган документти көрсөтүштү.

Бирок мындай чечимге макул болбой, соодагерлердин айтымында, Айгүл Заирова жардамчылары менен чек, документ сурагандардын жарыктарын өчүрүп, дагы эле акча сурап жатышат.

"Базар мамлекетке өтсө жакшы болмок"

Дагы бир соодагер бул жердеги сатуучулардан Айгүл Заирова бирдей эмес, ар кандай суммада ижара акы алып жатканын айтты. Ал жемкорлук Ош базарда экенин кошумчалап, мамлекет башчы өзү келип көрсө болот эле дейт.

"Бул жерде баалар ар кандай. Бул жерде адамдар бөлүнүп кеткен. Мисалы: мен ижара акыга 23 миң сом төлөсөм, жанымдагы бала 9 миң берет, айрымдары 5 миңден берет. Мына, 15 жылдан бери ушул. Коркутуп-үркүтүп жүрөт эми, мыйзамды түшүнбөсөк билбейт экенбиз да. Акчаны алып эле жүрө берди. Анан, чек сурагыла деген мыйзам чыккандан кийин чек сурап, келишим документ бер десек жарыктарыбызды өчүрүп салып жатат. Чек сурасаң эле орунду бошотуп кой дейт. Бардыгы ушунун сөзүн сүйлөп туруп алды. Акча берип, барын басып тыштаптыр да. Милицияны сатып алганбы билбейм, бизди көрөйүн деген көзү жок. Накта коррупция ушул жер болду", - дейт ал.

Соодагерлер ижара акыны "Ош базарынын" администрациясына беришибиз керек дейт. Бирок, бул жерде көп компания болгондуктан, "биринчи карышкырдан качып, экинчисине кабылып калбайлык, бизди мамлекеттин өзүнө эле өткөрсө болот эле" дешет.

"Бизди өкмөткө өткөрүп койсо эле болот эле. Биз барыбыз өзүбүз чек менен барып, төгүп коет болчубуз. Салыгын дагы, ижара акысын дагы. Биз өкмөттү колдойбуз, анын саясатын дагы", - деп белгилешти сатуучулар.

"Эки жылдан бери сатуучулар бир сом бербей эле"

Бул маселе боюнча соодагерлер Айгүл Заированын жардамчысы деп жаткан Кыял Ильязбек уулуна кайрылдык. Себеби, ишкерлердин ижара акчаларын жардамчылар алып кетип турган.

Ага соодагерлерден Айгүл Заирова мыйзамсыз ижара акы алып жаткандыгы тууралуу нааразычылык менен кайрылуу келгенин айтканыбызда, Кыял Ильязбек уулу соодагерлер эки жылдан бери ижара акы бербей жатышканын айтты.

"Алардан (соодагерлерден) эч ким акча ала элек, алар эки жылдан бери акысыз турушат. Алар бизге куру доомат коюп жатышат. Алардын патенти жок же биз менен келишими жок. Же бизге бир сом бербейт же мамлекетке төлөп патент кылбайт. Журналисттер чакырып, ызы-чуу кылып жатканынан шеф келип, контейнерин ширеттирген.

Соттун чечими бизде деле бар, бизге деле берген. Аны жакшылап окуп, көрүш керек. Биз буларды ижара акысын бергиле, келишим түзгүлө деп жатабыз. Бекер жер жок да. Биз бул жактын салыгын төлөп жатабыз, бул биздин жер. Кызыл китеп бар, көрсөтүп бере алабыз", - деп түшүндүрдү ал.

А бирок, соодагерлер Айгүл Заированын жардамчылары келип, акча алып жаткан видеолорду редакцияга жиберип, Кыял Ильязбек уулу чындыкка дал келбеген маалымат айтып жатат дешет. Алар редакцияга кол коюлган кагаздарды жиберип, алар убак-убагы менен келип ижара алып жүргөнүн айтышууда.

Бул маселе боюнча "Ош базары" ЖЧКсынын өкүлүнө кайрылганыбызда ал бул иш боюнча прокуратура иш алып барып жатканын айтып, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

"Соодагерлерди өзүнө карата иш бар"

Өз кезегинде Айгүл Заирова жактоочусу аркылуу редакцияга кат жиберип, ал соодагерлерге карата Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө иш бар экенин айтып, окуяны төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Менин атам Заиров Чолпонбай 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын кооперативдер Ассоциациясынан" сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Ош базарынын аймагында жайгашкан "Малика" дүкөнүнүн жана "Жылдыз" кафесинин имаратын сатып алган. Ошол имаратка тийиштүү болгон жерди колдонуп, тийиштүү уруксаттын негизинде жеңил курулуштарды (контейнерлерди) орнотуп, ижарага берип келген. Себеби базардын аймагындагы имараттардын ээлерине чогуу колдонууга ошол жерлер өз учурунда берилген.

2019-жылы атам каза болгондон кийин контейнерлерди ижарага алып иштетип келген аялдар, алардын артында туруп, рейдерлик жол менен биздин жерди тартып алууга ашыккан бир нече кишинин куралына айланышкан. Ошентип акыркы 3 жылдан бери алар ижара акысын төлөбөй же контейнерлерди бошотпой, бет тырмоочулук жана мыйзамсыздык кылып келишет. 2023-жылы кылмыш иши козголгон жана Октябрь ИИБинде тергелип жатат. Ал иш Мырзакматова Микарамхан, Мырзакматова Максат, Маматалиева Суусаргүл, Юлдашев Айбек, анын энеси Уулкан, Липович Александр, Боронбаев Рустам, Сапаров Төлөгөн тарабынан жасалып жаткан бирөөнүн мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алуу фактысы боюнча.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен рейдерлик боюнча маалыматты толук ачыкка чыгарабыз. 5,4 га өлчөмдөгү Ош базарынын жери менин жеке менчигим деп жаткан Канат Мамакеевтин юристи Александр Липович бардык жерде мамлекеттик актыны (кызыл китепти) көрсөтүп жатат. Бирок кызыл китеп укук белгилөөчү документ (правоустанавливающий) болуп саналбайт. Башкача айтканда анда 5,4 га базардын жерине менчик укугун берген документ жок", - дейт ал.

Бул иш боюнча башкы прокуратура маалымат берип, райондук прокуратура тарабынан тергөөчүнүн кабыл алынган токтомунун мыйзамдуулугу текшерилип, чечим кабыл алынарын убадалады.

"Райондук прокуратура тарабынан тергөөчүлөрдүн кабыл алынган токтомдорунун мыйзамдуулугу текшерилип, чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15833